ОшМУнун кызматкерлери Өзбекстанда атайын окутууга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кызматкерлери Өзбекстанда атайын окутууга катышты

Image

ОшМУнун  коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева жана ОшМУнун окмуштуу катчысы Джамиля  Асанбекова  Өзбекстандын Ташкент шаарында 4 күндүк окутууга катышты.

Тренинг Борбордук Азияда Curriculum Global программасынын чоңдор үчүн глобалдык билим берүү жана окутуу программасынын алкагында болду. Анда чоңдорго билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу, андрагогист адистигинин ишмердигинде пландаштыруунун, уюштуруунун, ишке ашыруунун жана баалоонун негизги аспектилерин өздөштүрүү, онлайн платформаларды түзүү, колдонуу  боюнча маалыматтар берилди.

Окутууга Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ЖОЖдорунун кызматкерлери катышты.

ОшМУда CurriculumGlobAle (CG) программасын окутуу жана ишке ашыруу боюнча иштер 2023-жылдын январь айында башталган.

Ошондой эле чоңдорго билим берүү мекемелеринин жана алардын кызматкерлеринин потенциалын мындан ары чыңдоого, өлкөдөгү чоңдорго билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошот.

 

Фото галерея