Чет өлкөлүк студенттер мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча маалымат алышты

Башкы Жаңылыктар

Чет өлкөлүк студенттер мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча маалымат алышты

Image

ОшМУда чет өлкөлүк студенттердин мыйзам бузууларынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жыйын уюштурулду.

Иш-чарага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн жетекчилиги,  миграция, экстремизм боюнча бөлүмдөрдүн жетекчиликтери, Ош шаардык мусулмандарынын казыяты, дин башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында ОшМУда билим алып жаткан алыскы жана жакынкы  чет өлкөлөрдөн келген студенттердин Кыргызстандагы мыйзамдарга ылайык жүрүм-турум эрежелери, мыйзам бузбоо, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, коомдук жайларда өзүн-өзү туура  алып жүрүү маселелери айтылды. Ошондой эле уруулук, алдамчылык, диний экстремизм багыттарындагы агымдарга азгырылбоо багыттарында түшүндүү иштери алып барылды. Түшүндүрүү иш-аракеттери камтылган таркатмалар таратылып берилди.

Фото галерея