Иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жүргүзүү боюнча текшерүү жүрдү

Башкы Жаңылыктар

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жүргүзүү боюнча текшерүү жүрдү

Мамлекеттик тил мыйзамына ылайык иш кагаздарын мамлекеттик  тилде туура жүргүзүү жана сүйлөө, көрнөк-жарнактардын кыргыз тилинде жазылышын текшерүү максатында ОшМУнун финансы-юридкалык колледжинде атайын окутуучулар арасында мониторинг өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө колледждин дирекциялык иш кагаздары, илимий, куратордук жана тарбия иш кагаздары текшерилип, ар бир иш-чара, жыйындар мамлекеттик тилде өткөрүлүүсү айтылды.

Андан сырткары “Сабаттуу бол” саамалыгынын  негизинде окутуучулар арасында жат жазуулар жазылып алынат, алар комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен  мыкты жазган кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылат.

Мындай иш-аракеттин максаты мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жаштардын тил билүү деңгээлин арттыруу болуп саналат.