ОшМУда бүтүрүүчүлөр мектептерге бөлүштүрүлдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда бүтүрүүчүлөр мектептерге бөлүштүрүлдү

Image

КРнын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-июнундгы №355 токтомуна ылайык  ОшМУда  2023-2024-окуу жылында бюджеттик негизде билимин аяктап жаткан педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүн жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү жараяны өттү.

Жыйынга райондук, шаардык билим берүү уюмдарынан өкүлдөр жана мектеп директорлору катышты. Бүтүрүүчүлөр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген ваканттык жана билим берүү бөлүмдөрүнөн келген талапнаамаларда көрсөтүлгөн орундарга бөлүштүрүлдү.

Жалпысынан 115 бүтүрүүчү мектептерге бөлүштүрүлүп, жумуш менен камсыз болушту. Быйылкы жылы бюджеттик негизде (педагогикалык багытта) 165 бүтүрүүчү окуусун аяктап жатат.

Фото галерея