ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата бизнес форум өтөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата бизнес форум өтөт

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата 2024-жылдын 31-май күнү  "Бизнес, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү: аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору" аталышындагы форум өтөт.

Форумдун максаты аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн фактору катары илимий, бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын демилгелерин интеграциялоо; шаарларды, аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган стратегияларды иштеп чыгуу үчүн билим берүүнүн, илимдин, бизнестин жана өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштыруу; аймактардын экономикасына трансформациялоо шартында билимди, алдыңкы тажрыйбаларды, инновацияларды жана технологияларды туруктуу алмашуу үчүн аянтча түзүү.

Өтүлүүчү орду: Ош мамлекеттик университети, Ош шаары, Кыргыз Республикасы

Уюштуруучулар: Ош мамлекеттик университети, Кыргыз РеспубликБасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ош шаардык мэриясы