![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/yWRKJxnnBdS2Xb4NdqVZ02Z5Nkv4WbgYKANpD79O.jpeg)
Бүгүнкү күндө Ош шаарында бала бакча жетишсиздигинен улам, калаадагы айрым Жогорку окуу жайларга караштуу колледждерди мектепки чейинки билим берүү мекемелерине айлантуу шаардык депутаттар тарабынан 2021-жылы демилгеленген. Мындан улам окуу жайлар менен келишимдер түзүлүп, имаратты мамлекетке алуу токтом кабыл алынган. Ага ылайык Мурдагы Финансы-юридикалык колледжинин кошумча имаратынын ордуна ОшМУнун "Ыйман" мектеп гимназиясы жана бала бакчасы ачылат. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат.