Ош шаарында биринчи жолу “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору” аталышындагы форуму өтөт

Башкы Жаңылыктар

Ош шаарында биринчи жолу “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору” аталышындагы форуму өтөт

Image

Форум 31-май күнү Ош мамлекеттик университетинде өтөт. Ага Америка, Кытай, Япония, Чехия, Өзбекстан, Казакстан жана КМШ өлкөлөрүнөн жогорку окуу жайлардын ректорлору, компания директорлору, Ыйгарым укуктуу элчилер, Эл аралык фонддордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Кыргызстандагы 30дан ашуун жогорку окуу жайлардын ректорлору, 63 бизнес компаниялардын жетекчилери, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.

Форумдун алкагында ОшМУда көргөзмө уюштурулат. Көргөзмөдө 52 бизнес компаниялардын продукциялары, студенттердин эмгектери коюлат. Бизнес-коучтардын мастер-класстары, бош орундар жарманкеси жана компаниялардын презентациялары болот.

Форумда төмөндөгү темаларда панелдик дисскуссиялар өтөт:

«Экономикалык чөйрөнү инновациялар жана заманбап технологиялар менен камсыз кылууга бизнести жана ЖОЖдордун илимий потенциалын интеграциялоо»,

“Университеттин чөйрөсү менен бизнес-чөйрөнүн   жана өндүрүштүн өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө мамлекеттик жана административдик колдоо көрсөтүү”;

“Аймактардын экономикасын туруктуу  өнүктүрүүдөгү жаңы кадрларды даярдоодо университеттик коомчулук менен бизнестин интеграциясы”;

“Бизнес, мамлекеттик бийлик, билим берүү жана илим интеграциясын илгерилетүүдө медианын таасири”.

Форум тууралуу кенен маалымат https://85.oshsu.kg/  сайтында.