Япон фермерлери ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Япон фермерлери ОшМУда

Image

 

Японияда мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк жаатында иш алып барган 7  фермер ОшМУнун  табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетине келишти. Алар Ош шаарында 27-майдан 29-майга чейин болушат. Учурда  фермерлер Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү менен таанышуу жана тажрыйбалары менен  бөлүшүү максатын көздөгөн жолугушууларды өткөрүп жатышат. Араван райондагы мөмө бактары, үй чарбасы бар жеке менчик чарбалар, Кара-Суу районундагы асыл тукум, үрөнчүлүк  боюнча мамлекеттик чарбалар  менен таанышып жатышат.

Иш сапардын алкагында факультеттин окутуучулар жана студенттер жамааты менен жолугушуп, ветеринардык клиника менен да таанышышты.

“Ушул жылдын март айынын аягында Японияда болуп,  агрардык жана туристтик зоналары жана мекеме-ишканалары менен жеринен таанышып келгенмин. Учурда бул аракеттерибиз уланып Япониянын фермерлери бизге келишти. Мындай иш аракеттер окуу жана илимий ишмердүүлүгүбүздү өндүрүш жана бизнес менен байланыштыруунун бир багыты болуп эсептелет”,-деди табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы Абдурашит Низамиев.

Фото галерея