Түркиядан алгачкы коноктор келди

Башкы Жаңылыктар

Түркиядан алгачкы коноктор келди

Image

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата Түркиядан конок катары келген Балыкесир университетинин профессору Мурат Догдубай жана Чукурова университетинен келген профессор Ахмет Доганай, аталган университеттин доценти Фатма Садык окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Жолугушууда университеттердин ОшМУ менен билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк багыттарындагы кызматташтыктары жөнүндө сүйлөшүүлөр орун алды. Коноктор университеттин 85 жылдык мааракеси менен куттуктап, окуу жайлар аралык байланыштарды бекемдөөгө кызыктар экендиктерин билдиришти.

“Чукурова университетинен келген профессор Ахмет Доганай, аталган университеттин доценти Фатма Садык окуу жайга болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде,  Педагогика жана психология факультеттеринде окутуучулар үчүн  "Окутуунун заманбап усулдарды" темасында конок лекцияларды өтүштү. Коноктор 30-31-май күндөрү ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналган эл аралык форумга, майрамдык иш-чараларга катышат”,-деди  ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн инспектору, PhD Айнура Кулназарова.

 

Фото галерея