ОшМУда бирдиктүү түрк дүйнөсү курулат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда бирдиктүү түрк дүйнөсү курулат

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде «Казак тили жана маданияты», «Өзбек тили жана маданияты» борборлору тарабынан түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана руханий баалуулуктарын сактоо максатында «Түрк элдеринин руханий интеграциясы» аттуу эл аралык илимий-теориялык конференция уюштурулду. Ага Казакстандын (Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети ж.б.); Өзбекстандын (А. Наваи атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университети, Өзбекстан Республикасы Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институту, Өзбекстан Республикасы Илимдер академиясынын Өзбек тили, адабияты жана фольклору институту, Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университети, Андижан мамлекеттик педагогикалык институту ж.б.); Кыргыз Республикасынын (ОшМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, «Ала-Тоо» эл аралык университети, Баткен мамлекеттик университети ж.б.) окумуштуулару катышып, түрк элине карата өздөрүнүн жалпы изилдөөлөрүн, ойлорун айтып, мазмундуу баяндамаларды жасашты. Конференциянын ачылыш сөзүн ОшМУнун Тышкы байланыштар боюнча проректору, б.и.к., доцент                 К.Ш. Аттакуров мындай жолугушуулардын түрк элдеринин биримдиги жана руханий өнүгүүсү үчүн маанисин белгилеп, бул процесс мындан ары да салттуу түрдө улана берерин баса белгилеп, конференциянын ишине ийгиликтерди каалады. Бул конференциянын модератору факультеттин деканы, ф.и.к., доцент Н.О. Турганбаев болуп, офлайн жана онлайн форматтарында жүргүзүлгөн. Актуалдуу темадагы конференция секциялык багыттар менен жыйынтыкталды.

Фото галерея