ОшМУда алдыңкы бизнес компаниялардын продукцияларынын көргөзмөсү өтүүдө

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда алдыңкы бизнес компаниялардын продукцияларынын көргөзмөсү өтүүдө

Image

Окуу жайдын 85 жылдык мааркесине карата башкы имаратта уюштурулган көргөзмө башталды. Көргөзмөгө ОшМУнун гранттары аркылуу аткарылып жаткан 14 илимий долбоор, Бизнес парктын 39 стартап долбоору , ата мекендик 67 бизнес компаниялар жана 10го жакын  Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Түркиядан келген бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышууда.

Мында ата мекендик алдыңкы өндүрүш компаниялардын продукциялары, студенттердин эмгектери коюлду. Иш-чаранын алкагында  бош орундар жарманкеси,  бизнес-коучтардын мастер-класстары болот. Ошондой эле  компаниялардын презентациялары орун алып, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда келишимдер түзүлөт.

Көргөзмө менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чет өлкөлөрдөн келген коноктор таанышты.

Бүгүн, 31-майда ОшМУнун 85 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленүүдө. Мында  "Келечек муундун ХАБы"  борборунун ачылышы болду.

Учурда Ош шаарында биринчи жолу “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлөрү жана жолдору” аталышындагы аймактарды туруктуу өнүктүрүү эл аралык форуму башталды.

Мында аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү илимий, бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын демилгелерин айкалыштыруу маселелери талкууланууда.

Маараке А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо уюштурулган чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталат.

Фото галерея