ОшМУнун медициналык клиникасынын дарыгерлери Түркиянын илимий ооруканасында тажрыйба алмашууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун медициналык клиникасынын дарыгерлери Түркиянын илимий ооруканасында тажрыйба алмашууда

Image

ОшМУнун медициналык клиниканын эндокринолог дарыгери Айниса Айтиева жана эндокринология адистигинин ординатору Мадина Алиева Түркиянын Сивас шаарындагы Сивас Жумхурийет университетинин изилдөө ооруканасында тажрыйба алмашууда. Тажрыйба алмашуу 2 ай аралыгында ооруканын бир нече бөлүмүндө өтөт.

Сивас Жумхурийет университетинин илимий ооруканасында  ординаторлордун тажрыйба алмашуу  боюнча келишимге ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн инспектору, PhD Айнура Кулназарованын 2024-жылдын февраль айында Сивас Жумхурийет университетине болгон иш сапарынын алкагында жетишилген.

Учурда  Сивас Жумхурийет университетине ОшМУнун 5 студенти академиялык мобилдүүлүктөн да өтүп  жатышат.

Фото галерея