ЖРТга ЖЕТИШПЕЙ КАЛГАНДАР ҮЧҮН КАТТОО 19-ИЮНГА ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Башкы Жаңылыктар

ЖРТга ЖЕТИШПЕЙ КАЛГАНДАР ҮЧҮН КАТТОО 19-ИЮНГА ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Image

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылы ЖРТга жүйөөлүү себептер менен тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн тестирлөө 21-23-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлө тургандыгын маалымдайт.

ЖРТга каттоо же кайра каттоо 11-июндан 19-июнга чейин жүргүзүлөт.

Каттоо даректери:

* Бишкек шаарында – №24 мектеп-гимназиясы, К.Тыныстанов көчөсү, 110.

* Ош шаарында – Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Ленин көчөсү, 308.

Эскертүү! Бул жылы ЖРТдан четтетилген абитуриенттер кайра каттала албайт же каттоодон өтө албайт!

Белгилей кетсек, ЖРТнын III этабы:

* Бишкек шаарында – К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде,

* Ош шаарында – Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлөт.

https://edu.gov.kg/posts/3088/