ЭЛ АРАЛЫК СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАГА АЙЫЛ ЧАРБА ЭКОНОМИКАСЫ ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТИ БАГЫТЫНДА МАГИСТРАТУРАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРҮҮДӨ

Башкы Жаңылыктар

ЭЛ АРАЛЫК СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАГА АЙЫЛ ЧАРБА ЭКОНОМИКАСЫ ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТИ БАГЫТЫНДА МАГИСТРАТУРАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРҮҮДӨ

Image

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кытай Айыл чарба университетинин Санья институтуна айыл чарба экономикасы жана менеджменти багыты боюнча магистратурага эл аралык стипендиялык программа ачылганын билдирет.

Стипендиялык программа быйыл 30 мамлекеттин студенттерине окуу үчүн 20 толук стипендия бөлүнгөн, ага Кыргызстандын студенттери да катыша алат.

Стипендия 2 жылдык программа үчүн жылына 70200 юанды түзөт, анын ичинде окуу акысы –25000 юань, жашоо акысы – 8400 юань, жашоо чыгымдары – 36000 юань, медициналык камсыздандыруу – 800 юань.

Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 30-июнуна чейин жүргүзүлөт.

Толук маалымат – файл (пдф)

Толук маалымат