“Муундар ортосундагы баарлашуу” аттуу эл аралык форум өттү

Башкы Жаңылыктар

“Муундар ортосундагы баарлашуу” аттуу эл аралык форум өттү

Image

 

Ош шаарында 14-15-июнь күндөрүнө пландаштырылган  “Муундар ортосундагы баарлашуу” аттуу эл аралык форум жыйынтыкталды. 

Форум эки өлкөнүн муундарынын ортосундагы достук мамилелерди, кызматташтыкты жана түшүнүүнү бекемдөөгө багытталган. Иш-чара жаштар менен улуу муундар ортосунда  жаштар саясаты, ишкердик,  IT, бизнес тармактары  боюнча тажрыйба, идея жана билим менен бөлүшкөн  максатында уюштурулган. 

Форумга өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары М. Тагаев, Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарынын жаштар иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы К. Рустамбеков, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Ош мамлекеттик университетинин жетекчилиги, интелегенция өкүлдөрү жана жаштар катышты.

Форумдун алкагында пленардык отурумдар, панелдик дискуссиялар жана маданий иш-чаралар орун алды.

Мындай аянтчалардын түзүлүшү натыйжалуу соода мамилелери, өнөктөштүк жана инвестициялар үчүн жаштарды тартуу, тынчтыкта жанаша жашоо жана жалпы өнүгүү маселелеринин маанилүүлүгүн бекемдөөгө салым кошорун катышуучулар билдиришти.

Иш-чара эки өлкөнүн президенттеринин демилгесинин алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулду.

Фото галерея