Билим берүү: ОшМУда "Заманбап окутуучу" кароо-сынагынын финалдык баскычы жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: ОшМУда "Заманбап окутуучу" кароо-сынагынын финалдык баскычы жыйынтыкталды

Image

"Заманбап окутуучу" кароо-сынагынын финалдык баскычынын экинчи бөлүгүндө мастер-класс өткөрүлдү. Мастер-класстын жыйынтыгында эксперттердин баалоосу боюнча 1-орунду  Искусство факультетинин окутуучусу Азамат Нурбаев, 2-орунду Эл аралык медицина факультетинин окутуучусу Жайнагуль Абдирасулова, 3-орунду Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучусу  Клара Мамат кызы, ал эми 4-орунга Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин окутуучусу Зарина Асанахунова татыктуу болушту.

Кароо сынак окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан  педагогикалык кызматкерлердин чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүүгө, чыгармачыл активдүүлүктү жогорулатууга,  инновациялык иштелмелерди жана технологияларды колдоого, билим берүүчүлүк ишмердиктеги жетишкендиктерди стимулдаштыруу максатында уюштурулууда.

Фото галерея