Билим берүү: "Заманбап лектор" кароо-сынагынын финалдык баскычы жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: "Заманбап лектор" кароо-сынагынын финалдык баскычы жыйынтыкталды

Image

"Заманбап лектор" кароо-сынагынын финалдык баскычынын экинчи бөлүгүндө мастер-класстар өткөрүлдү. Мастер-класстын жыйынтыгында эксперттердин баалоосу боюнча 1-орунду ФМТИТ институтунун доценти Нуркасым Аркабаев, 2-орунду  Тарых жана социалдык иштер факультетинин доценти Гүлназ Чыныкеева жана ФМТИТ институтунун улук окутуучусу Гүлнара  Сейитказыева, 3-орунду медицина факультетинин доценти Алтынай Садыкова ээлешти.

Кароо сынак окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан  педагогикалык кызматкерлердин чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүүгө, чыгармачыл активдүүлүктү жогорулатууга,  инновациялык иштелмелерди жана технологияларды колдоого, билим берүүчүлүк ишмердиктеги жетишкендиктерди стимулдаштыруу максатында уюштурулууда.

Фото галерея