ОшМУда кыргыз тилин жаңы инновациялык, заманбап технологиялар менен окутуу боюнча кереге кеңеш өттү   

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда кыргыз тилин жаңы инновациялык, заманбап технологиялар менен окутуу боюнча кереге кеңеш өттү   

Image


Ош мамлекеттик университетинде  «Жогорку окуу жайларында, колледждерде юриспруденция адистигинде кыргыз тилин жаңы инновациялык, заманбап технологиялар менен окутуу» аталышындагы кереге кеңеш өткөрүлдү. Кеңешмени ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова ачып берди. 
Аталган иш-чарага Ош технологиялык университетинин, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин жана  Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары катышты.  
Кереге кеңеште жогорку окуу жайларында, колледждерде юриспруденция адистигинде кыргыз тилин жаңы инновациялык, заманбап технологиялар менен окутуу багытындагы  баяндамалар жасалып, талкуулар уюштурулуп, ЖОЖдордо, колледждерде кыргыз тилин окутууну өнүктүрүү жаатында сунуштар айтылды. 
Жыйынтыгында бирдиктүү окуу программалары, окуу-усулдук колдонмолор, илимий-изилдөө иштери, тилдик деңгээлдер боюнча окутуунун ыкмаларын жайылтуу маселелери боюнча жогорку окуу жайлар ортосунда резолюция кабыл алынды. Мыкты баяндама жасаган окутуучулар сыйланды.

Фото галерея