Билим берүү: "Педагогикалык дебют" сынагы жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: "Педагогикалык дебют" сынагы жыйынтыкталды

Image

 

"Педагогикалык дебют" сынагынын номинациясына көрсөтүлгөн катышуучулардын сабактын иштелмелеринин презентациялары болуп өттү. 

Талкуудан кийин эксперттер тобу жыйынтык чыгарып, 1-орунду Эл аралык медицина факультетинин окутуучусу Нургул Оморовага, 2-орунду ФМТИТ институтунун окутуучусу Айтолкун Абдувоситовага, 3-орунду ДТМ факультетинин окутуучусу Максат Касымалиевага, 4-орунду Чыгыш таануу институтунун окутуучусу Ыкыбал Маматибрайим кызына ыйгарышты.

Кароо сынак окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан  педагогикалык кызматкерлердин чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүүгө, чыгармачыл активдүүлүктү жогорулатууга,  инновациялык иштелмелерди жана технологияларды колдоого, билим берүүчүлүк ишмердиктеги жетишкендиктерди стимулдаштыруу максатында уюштурулууда.

Фото галерея