ОшМУнун 7 студенти “Келечек” жаш лидерлер мектебине катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 7 студенти “Келечек” жаш лидерлер мектебине катышты

Image


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата “Келечек” жаш лидерлер мектебинин кезектеги окуусун өткөрдү. 
Жаш лидерлер мектеби 2024-жылдын 17-21-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөтү айылында өтүп, ага ОшМУдан 7 студент катышып, билим алышты. 
“Келечек” жаш лидерлер мектебинин максаты: өлкөдөгү коомдук процесстерге натыйжалуу катышуу, өз ара аракеттенүүгө жана таасир этүүгө жөндөмдүү, компетенттүү жана жоопкерчиликтүү жаштарды калыптандырууга өбөлгө түзүү. Окууга катышкан жаштардын лидерлик жөндөмдөрүн, атуулдук позициясын жана кесиптик өсүшүн өнүктүрүү болуп саналат.
Катышуучулар беш күн бою “Мен жана менин Кыргызстаным” Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы, команда куруунун негиздери, азыркы Кыргызстандын тарыхы, лидерлик негиздер, санариптик дүйнө, медиа сабаттуулук, ишкердик жана инновация, искусство, маданият жана чыгармачылык, жарандуулук темаларында билимдерин кеңейтишти.

Фото галерея