ОшМУ менен «ГЦОЛИФК» Россиялык спорт университетинин илимий-техникалыкм кызматташтыгы түзүлүүдө

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен «ГЦОЛИФК» Россиялык спорт университетинин илимий-техникалыкм кызматташтыгы түзүлүүдө

Image

 

2024-жылдын 1-июлунан 5-июлуна чейинки аралыкта Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган «Кыргызстандын заманбап шарттарында конституционалдык, этникалык, гендердик жана курактык факторлорун эске алуу менен балдардын жана чоңдордун физикалык жактан өрчүү абалына баа берүү» илимий долбоорунун катышуучу-аткаруучулары, ОшМУнун медицина факультетинин адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен кафедрасынын кызматкерлери илимий стажировкадан өтүп келишти. Илимий жетекчиси м.и.к., доцент Кыялбек Сакибаев. Стажировкадан өтүү жараяны Орусиянын «ГЦОЛИФК» Россиялык спорт университетинин анатомия жана биологиялык антропология кафедрасында уюштурулду.

Илимий иш сапардын алкагында университеттин жетекчилигинин өкүлдөрү менен ЖОЖдор аралык илимий-техникалык кызматташтыкты түзүү боюнча расмий жолугушуу уюштурулуп, «Спорттук антропология» курсу боюнча квалификацияны жогорулатуу, ошондой эле антропометрикалык жана биоимпедансометрикалык изилөөлөр боюнча жетектөөчү адистер тарабынан практикалык мастер-класстар өткөрүлдү.

«ГЦОЛИФК» спорт университети – Орусиядагы жана чет өлкөлөрдөгү дене тарбия жана спорт багытындагы эн ири окуу жайлардын бири болуп саналат. Университет 60 минден ашык жогорку квалификациялуу адистерди, анын ичинде 115 өлкөдөн 5 минге жакын чет элдик адистерди даярдап чыгарган. Бүтүрүүчүлөрүнөн катарында 200дөн ашуун Олимпиада чемпиондору, Европанын жана дүйнөнүн чемпиондору бар.

 «ГЦОЛИФК» спорт университети дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү окуу-методикалык, эксперттик-аналитикалык жана кадрдык ишмердүүлүктү камсыздоочу  КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы башкы уюму болуп салат.

 

 

Фото галерея