Эл аралык медицина факультетинин окутуучуларына сертификаттар тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык медицина факультетинин окутуучуларына сертификаттар тапшырылды

Image

Билим берүү жана илим министрлигинин талаптарына ылайык окутуу англис тилинде болгон окуу жайлардын окутуучулары англис тилин билүү деңгээли В1 ден жогору болуу керек. Бул талапты аткаруу максатында ОшМУ менен Кыргызстандагы “Learning World” тестирлөө борборунун ортосундагы келишимдин негизинде ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин 45 профессордук-окутуучулук курамы “TOEIC IP” эл аралык англис тили сынагын тапшырышкан. Экзамендин жыйынтыгында 33 окутуучу ийгиликтүү тапшырып, сертификатка ээ болушту.

Сертификат тапшыруу аземинде окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков окутуучуларды куттуктап, учурда англис тилин билүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Фото галерея