ОшМУнун чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев Сауд Аравиясы Падышачылыгынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. Жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Элчи ОшМУдан атайын делегациянынын Жакынкы күндөрү болуучу Сауд Аравиясы Падышачылыгынын жогорку окуу жайлары менен таанышуу, меморандумдарды түзүү боюнча атайын иш-сапарын уюштурууга көмөктөшөөрүн билдирди.