ОшМУ робототехника багытында адистерди даярдоону баштады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ робототехника багытында адистерди даярдоону баштады

Image

ОшМУ, Кытайдын Цзямуси институту жана Huibo Robotics команиясынын ортосунда 3 тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.

Кол коюу аземи 22-августта ОшМУда өттү. Жолугушууга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган тиешелүү структура жетекчилери, Huibo Robotics команиясынын  вице-президенти Цуй Сяохуэй баштаган өкүлдөр жана Цзямуси кесиптик институтунун партиялык комитетинин секретары Ян Сянцзюнь баштаган өкүлдөр катышты. 

Ректор Кудайберди Кожобеков аталган комания менен биргеликте 31-майда “Келечек муундун ХАБы” борбору ачылгандыгын, бүгүн ошол иштердин экинчи этабы катары мехатроника жана робототехника адистиги боюнча бакалавр адистиктерин даярдоо башталып жаткандыгын айтты. Бул адистиктин учурдагы актуалдуулугу эске алынып мамлекет тарабынан быйыл 50 гранттык орун берилген. 

Цзямуси кесиптик институтунун партиялык комитетинин секретары Ян Сянцзюнь: “Биздин окуу жайдын ОшМУ менен кызматташып жаткандыгын сыймыктануу менен кабыл алабыз. Алдыда сиздердин окуу жай менен бир топ долбоорлорду биргеликте ишке ашырабыз. ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту менен биргеликте окуу пландарын талкуулап, чогуу иш алып барабыз. Андан сырткары тажрыйба алмашууга окутуучуларды жиберүү, алмашып окутуу иштерин жүргүзөбүз. Кийинчерээк эки окуу жайда шайкеш келген факультеттер менен да иштешип академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашырсак деген сунуштар бар”,- деп билдирди.

Жолугушуунун соңунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Коноктор күндүн экинчи бөлүгүндө “Келечек муундун ХАБы” борбору менен таанышты. 

 “Келечек муундун ХАБы” борбору  жасалма интеллект, робототехника, маалыматтык технологиялар боюнча билим, илим, практика айкалышкан лабораториялык база болуп саналат.

Фото галерея