ОшМУнун окумуштуулары Бекбоевдик VII окууларга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окумуштуулары Бекбоевдик VII окууларга катышты

Image

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети тарабынан өткөрүлгөн Кыргыз Ресубликасынын Эл мугалими, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Улуттук илимдер академиясыны мүчө-корреспондент, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор, өзүнчө илимий мектептин негиздөөчүсү Исак Бекбоевге арналган «Бекбоевдик VII окуулар: ааламдашуу шартындагы билим берүүдө жасалма интеллект, санариптик технологияларды колдонуунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

“Бекбоевдик VII окуулар:  Ааламдашуу шартындагы билим берүүдө жасалма интеллект, санариптик технологияларды колдонуунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү» эл аралык илимий-практикалык конференцияга ОшМУнун  математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулук жамааты катышып, илимий баяндамаларды жасап келишти.

Фото галерея