ОшМУда “Заманбап академиялык багыттар” аттуу илимий-методикалык семинар уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Заманбап академиялык багыттар” аттуу илимий-методикалык семинар уюштурулду

Image

ОшМУнун илим жана инновация бөлүмү тарабынан уюштурулган семинарга университеттеги  структура жетекчилери, кафедра башчылары, илимий иштер боюнча декандын орун басарлары жана окутуучулар катышты.

Илимий-методикалык семинарда Назарбаев университетинин профессору, ОшМУнун ардактуу профессору Дүйшөн Шаматов  баяндама жасап, силлабусс, баалоо, жасалма интеллект, соңку изилдөөлөрдүн усулдары, изилдөө этикасы боюнча пайдалуу маалыматтарды  берди.

Семинар магистратура жана докторантурада изилдөө методдору курстары жана аны окутууда профессионалдык өнүгүүнү жүргүзүү, илимди жана билим берүүнү реформалоо максатында жаңы тутумду колдонууда бул багытты тереңдеп өздөштүрүү зарылчылыгы барбы же жокпу деген талкууну өткөрүү максатында уюштурулду. Жыйынтыгында илимий-изилдөө усулдары боюнча курсту окутуу үчүн студент менен окутуучунун өз ара түшүнүшүү каражаты болгон силлабустун түзүмүн өзүнүн тармагына ылайыктап, изилдөө усулдары боюнча курстун силлабусун иштеп чыгуу боюнча сунуштар айтылды.

Фото галерея