Ош мамлекеттик университетинин окуу-методикалык кеңешинин жетекчилери жана профессордук-окутуучулук курам жаңы жоболор менен таанышып чыкты. Семинар 4-сентябрда окуу жайда уюштурулду.
Анда силлабус, окутуучунун катышуусунда студенттин өз алдынча иши жана окуу процессин уюштуруу боюнча сөз болду. Мындан тышкары катышуучулар аудиториялык сааттарды бөлүштүрүү, сабактардын жадыбалы боюнча да жаңы маалымат алышты. Баалоо системасында GPA балл берүү системасынын өзгөрүшү тууралуу окуу процессинин уюштурулушу да талкууланды.
Иш-чараны университеттин Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү Академиялык иштер башкармалыгы менен биргеликте өткөрдү.