Ысык-Көлдө өтүп жаткан эл аралык оюндарда Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар инстутунун дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Алымкан Жамшитбекова 1000 метр аралыкта биринчи келсе, 60 метр аралыкта 3-орунду ээледи.
Ал эми Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун студенти Майрамкан Данияр кызы 1000 метр аралыкта үчүнчү орунду алды. Бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Баяман Эргешов узундукка секирүүдө үчүнчү болду.
Жалпы эстафетада команда 2-орунду ээледи.
XXIII КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин эл аралык Ысык-Көл оюндарындары 4-сентябрдан 12-сентябрга чейин уланат. Ага Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикистан, Индия, Иран, Беларус, Литва, Германия, Ливия, Швеция жана Кыргызстандын ар кайсы облустарынан келген 1800дөн ашык спортчу катышууда.
Алар кол күрөш, баскетбол, волейбол, гиря спорту, дартс, жеңил атлетика, таяк тартыш, стол тенниси, аркан тартыш, сууда сүзүү, бука тартыш, оордуктарды ташуу, кыргыз күрөш, жаа атуу, жээктеги футбол, жээктеги волейбол сыяктуу 22 спорттун түрү боюнча күч сынашып жатат.