Ысык-Көл: эл аралык оюнда ОшМУнун баскетбол командасы биринчи орунду ээледи 

Башкы Жаңылыктар

Ысык-Көл: эл аралык оюнда ОшМУнун баскетбол командасы биринчи орунду ээледи 

Image

 

Көл жээгинде өтүп жаткан эл аралык оюндарда Ош мамлекеттик университетинин баскетбол боюнча эки командасы биринчи, экинчи орунду багындырды.

35 жаштан жогоркулар арасындагы команда биринчи орунду алды. Ал эми 35 жашка чейинкилер командасы экинчи орунду ээледи.

Эл аралык оюндарда окуу жайдын жеңил атлетчилери да жеңишке жеткен. 

XXIII КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин эл аралык Ысык-Көл оюндарындары 4-сентябрдан 12-сентябрга чейин уланат. Ага Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикистан, Индия, Иран, Беларус, Литва, Германия, Ливия, Швеция жана Кыргызстандын ар кайсы облустарынан келген 1800дөн ашык спортчу катышууда. 

Алар кол күрөш, баскетбол, волейбол, гиря спорту, дартс, жеңил атлетика, таяк тартыш, стол тенниси, аркан тартыш, сууда сүзүү, бука тартыш, оордуктарды ташуу, кыргыз күрөш, жаа атуу, жээктеги футбол, жээктеги волейбол сыяктуу 22 спорттун түрү боюнча күч сынашып жатат.

Фото галерея