Кичи футбол: ОшМУнун «Университет» командасы чемпион болду

Башкы Жаңылыктар

Кичи футбол: ОшМУнун «Университет» командасы чемпион болду

Image

Ысык-Көлдө өтүп жаткан эл аралык оюндарда ОшМУнун «Университет» кичи футбол командасы чемпион аталды. Финалда Нарын командасы менен беттешип, 5:2 эсебинде утту.

Мелдешке Казакстандан жана Кыргызстандан жалпы 16 команда катышты. 

Буга чейин Көл жээгинде өтүп жаткан эл аралык оюндарда университеттин васкетбол боюнча 35 жаштан жогоркулар арасындагы командасы биринчи, 35 жашка чейинкилер командасы экинчи орунду ээлеген. Ошондой эле окуу жайдын жеңил атлетчилери да жеңишке жеткен. 

XXIII КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин эл аралык Ысык-Көл оюндарындары 4-сентябрдан 12-сентябрга чейин уланат. Ага Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Индия, Иран, Беларус, Литва, Германия, Ливия, Швеция жана Кыргызстандын ар кайсы облустарынан келген 1800дөн ашык спортчу катышууда.

Фото галерея