Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин төрагаларынын координациялык кеңешмеси өтүп жатат. Ага Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков да катышууда.
Иш чаранын алкагында Парламенттик ассамблеянын катчылыгы менен окуу жайдын ортосунда кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду. Ал тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту бекемдөөгө багытталган. Анда тараптар улуттук жана жамааттык коопсуздук чөйрөлөрүндө илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, конференцияларды уюштуруу, маалымат жана илимий басылмалар менен алмашуу жаатында кызматташат.
Бул келишим ЖККУнун коопсуздук маселелерин эл аралык деңгээлде талкуулоого жана бул чөйрөдөгү изилдөөлөрдү жакшыртууга багытталат.