Колледж, институт жетекчилери улуттук потенциалды чыңдоо боюнча окутуудан өттү

Башкы Жаңылыктар

Колледж, институт жетекчилери улуттук потенциалды чыңдоо боюнча окутуудан өттү

Image

ОшМУнун колледж, институттарынын, директорлорунун орун басарлары жана жаштар уюмдарынын жетекчилери гендер боюнча окутуудан өтүштү. 

Тренинг 9-10-сентябрда Ош шаарында уюштурулду. Анда катышуучулар гендердик теңчиликти түшүнүүнү жакшыртуу, зомбулукту алдын алуу, репродуктивдик саламаттыкты коргоо, үй-бүлөнү пландоо жана жоопкерчиликтүү аталыкты жогорулатуу багытында билим алышты. 

Эки күндүк окутууну «Аталар союзу», "Кыргызстан үй-бүлөнү пландоо альянсы" коомдук уюму уюштурган. Мындан тышкары психологдор да чакырылган.

Фото галерея