Ош мамлекеттик университети менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясы биргеликте түптөп жаткан телестудия сентябрдын аягында пайдаланууга берилгени жатат. Бүгүн, 11-сентябрда ректор Кудайберди Кожобеков жасалып жаткан иштер менен таанышты.
Студия телеканалдын Оштогу бөлүмүндө жайгашкан. Аны оңдоп-түзөөгө ОшМУ каражат бөлдү. Ага декорациясы жасалгаланып, лед-экрандар жана жарыктандыруучу техникалар орнотулду. Ал эми телеканал видео, аудио техника менен камсыздайт.
Студия пайдаланууга берилгенден кийин Журналистика бөлүмүнүн студенттери ал жакта тажрыйба топтоп, теле жаатында адис катары калыптанышат. Мындан тышкары телеканал атайын канаа да ажыратып берген. Ал жерде студенттер түрдүү жанрдагы долбоорлорду ишке ашырса болот. Алар даярдаган контенттер УТРКнын эфиринен берилет.
Буга чейин УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев менен ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматташуу келишимине кол коюшкан.