АКШдан, Түштүк Корея, Бишкек, Оштон келген тиш дарыгерлери, илимпоздор жана изилдөөчүлөр заманбап стоматологиядагы жаңы ыкмаларды талкуулашты. Иш-чара 16-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде уюштурулду.
«Заманбап стоматология дүйнөсү» деген аталыштагы конференцияда бул тармактагы технологиялар жана илимий ачылыштар сөз болду. Ошондой эле университет менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы 20 жылдык кызматташуунун артыкчылыктары айтылды. Бул убакыт аралыгында көптөгөн долбоорлор ишке ашкан. Билим берүү жана стоматология боюнча тажрыйба алмашуулар болуп, ийгиликтер жаралды.
Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков мындай кызматташтык илимий ачылыштарды талкуулоого жана инновацияларды жайылтууга чоң өбөлгө түзгөнүн белгиледи. Конференцияда илимий баяндамалар окулуп, талкуу болду. Мындан тышкары АКШдан жана Түштүк Кореядан келген окумуштууларга ыраазычылык каттар тапшырылды.
Конференция ОшМУнун медицина факультетинин стоматология адистиги жана Кыргызстандын Стоматологиялык ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Ошондой эле Ош шаарындагы «Жалпы стоматологияны өнүктүрүү борбору» коомдук фонду да көмөктөштү.