ОшМУда математика, физика жана маалыматтык технологиялар талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда математика, физика жана маалыматтык технологиялар талкууланды

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыгына жана доцент Абдыганы Абдувалиевдин илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 50 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция жыйынтыкталды. 

«Билим берүүдөгү математика, физика жана маалыматтык технологиялардын актуалдуу маселелери» аталышындагы форумга Кыргызстандан жана чет мамлекеттерден математика, физика, маалыматтык технологиялар боюнча окумуштуулар катышты. Алардын айрымдары онлайн режиминде сөз сүйлөдү. 

Жыйын беш секциядан туруп, анда талкууланган темалар боюнча 150дөн ашуун доклад жана баяндама окулду. Катышуучулар Абдувалиевдин ОшМУнун өнүгүүсүнө, математика илимине кошкон салымын, жаш кадрларды даярдоодогу ролун баса белгилешти. Ошондой эле илимий жана практикалык маселелерди жалпылап тиешелүү резолюция кабыл алышты.

Ушул эле күнү Абдыганы Абдувалиевдин 70 жылдык мааракеси да белгиленди. Жыйында белгилүү окумуштуулар жана коомдук ишмерлер маараке ээси куттуктап сөз сүйлөштү. Алардын катарында президенттин Оштогу өкүлчүлүгү, Сузак райондук администрациясынан, Улуттук илимдер академиясынын академиги Бектемир Мурзубраимов, Өзбекстан, Казакстандын Ош шаарындагы башкы консулдары жана “Россотрудничествонун” өкүлү бар.

70 жаштагы Абдыганы Абдувалиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында туулган. Ал “Кыргызстандын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери” наамынын ээси. Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты жана физика-математика илимдеринин кандидаты.

Фото галерея