“Түштүк Экспо”: сегиз өлкөнүн ишкерлери катышкан жарманкеге ОшМУнун долбоорлору да катышты

Башкы Жаңылыктар

“Түштүк Экспо”: сегиз өлкөнүн ишкерлери катышкан жарманкеге ОшМУнун долбоорлору да катышты

Image

Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаарында «Түштүк ЭКСПО – 2024» эл аралык көргөзмө-жарманкеси башталды. Сегизинчи ирет уюштурулуп жаткан иш чара эки күнгө созулат. 

Ага Кытай, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Монголия, Казакстан, Венгрия, Орусия жана Кыргызстандан келген бизнес жана дипломатия өкүлдөрү катышууда. 

Көргөзмөгө айыл чарба, үй-тиричилик техникалары, тамак-аш азыктары, кеңсе буюмдары, кийим-кече өндүрүшү, туристтик жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, жогорку окуу жайлардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү коюлду. ОшМУнун Бизнес паркынан “ZURA” этно кийим, “Медициналык процедуралар”, “Кыргыз дары чөптөрү”, “Smart Barrier”, “AgaStore”, “Brаnd OshSU” стартап долбоорлору катышып жатат. Аларды Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Бишкекте 25-27-октябрь күндөрү өтчү «Кыргызстан ЭКСПО – 2024» көргөзмөсүнө катышууга чакырды. 

 

Фото галерея