Ош мамлекеттик университетинде 14.01.17 хирургия адистиги боюнча диссертациялык кеңеш ачылды. Ага ылайык, эми аспиранттар Оштон эле илимий иштерин коргой алат. Кеңештин тең уюштуруучусу Эл аралык жогорку медицина мектеби болот. Тиешелүү буйрукту 12-июлда Улуттук аттестациялык комиссия чыгарды.
Диссертациялык кеңештин төрагасы болуп ОшМУнун хирургиялык оорулар кафедрасынын профессору Байышбек Осумбеков дайындалды. Орун басарлык кызматты Эл аралык жогорку медицина мектебинин оорулар кафедрасынын профессору Шамиль Чынгышпаев аркалады.
Бүгүнкү күндө университетте медицина багытындагы 14.01.21 – фтизиатрия 14.01.21 – гематология 14.01.22 – ревматология 14.03.01 – адамдын анатомиясы 14.03.02 – патологиялык анатомия клеткалык биология, цитология, гистология адистиктери боюнча диссертациялык кеңеш иштейт.