Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган “Кыргызстан үчүн 100 идея” аттуу сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Сынакка ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин окутуучулары Мамай уулу Жеңишбек жана Камил уулу Артур “Экологияны сактоо” номинациясы боюнча катышты. Алар “Таза аба” долбоору менен барып, 100 миң сом менен сыйланышты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган бул иш чара жаштардын креативдүү жана инновациялык демилгелерин колдоого, алардын өлкөнү өнүктүрүүгө активдүү катышуусуна дем берүүгө багытталган.
Сынактын жеңүүчүлөрү 2025-жылы өтө турган “КМШ үчүн 100 идея” эл аралык долбооруна катышууга жолдомо алышты.