ОшМУда кыргыз тилин чет элдиктерге үйрөтүүчү курс ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда кыргыз тилин чет элдиктерге үйрөтүүчү курс ачылды

Image

Факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасы кыргыз тилинен курс өтө баштады. Окутуу 72 сааттык болуп, гибриддик форматта ишке ашат. 

Тил курсу алгач коңшу өлкөдөгү Ташкент мамлекеттик Өзбек тили жана адабияты университетине уюштурулду. Ага окуу жайдын окутуучулары, аспиранттар жана студенттер катышты. Курстун 12 сааты оффлайн форматта өтүлдү. Эми калганы жыл ичи онлайн окутулат.

Аталган окутуу 26-27-28-сентябрь күндөрү "Тил - улут күзгүсү" аталышындагы иш-чаранын алкагында уюштурулган. Анда ОшМУнун окутуучулары Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетине кыргыз тилин деңгээлдеп окутуу боюнча тажрыйбаларын бөлүштү. Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын башчысы Зувайда Каразакова "Кыргыз-өзбек тилдеринин салыштырма грамматикасы" боюнча лекция окуп берди. 

Ал эми улук окутуучулар Гүлзар Мамадиева, Бермет Закирова, Элмира Алишерова болсо интерактивдүү усулдарды колдонуп тренинг өтүштү. Мындан тышкары эки окуу жай биргеликте ачкан Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борбору кыргыз тилинин мамлекетик макамге ээ болгон күнүнө карата адабий-музакылык кече тартуулаган. 

“Окуу жайдын жамааты ОшМУнун окутуучуларынын педагогикалык чеберчилигин, окутуу усулдарын жакшы кабыл алышты. Тилди жеңил үйрөтүү усулдарына баа беришип, окутуучулар да кызыгуу менен үйрөнүштү. Эми эки тараптуу кызматташуунун алкагында 21-октябрь - өзбек тилинин мамлекеттик тил күнүнө карата алар биздин окуу жайга келип, студенттерге өздөрүнүн тили боюнча курс өтүшөт. Андан сырткары илим изилдөө, тажрыйба алмашуу багыттарында кызматташуулар орун алат”, -деди  Зувайда Каразакова.

Иш-чараны ОшМУдагы “Өзбек тили жана маданияты” борбору  уюштурду. 

 

Фото галерея