“Академиялык басма чеберчилиги” аттуу тренингге кабыл алуу башталды

Башкы Жаңылыктар

“Академиялык басма чеберчилиги” аттуу тренингге кабыл алуу башталды

Image

18-22-ноябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинде илимий эмгектерди жарыялоо боюнча тренинг өтөт. Бул окутууга Ош облусундагы жогорку окуу жайлардан 30 окутуучу катышары пландалууда. Анда алар академиялык макала жазуу жана жарыялоо жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт.

Тренингдин алкагында катышуучулар илимий макалаларды даярдап, аны жарыялоо боюнча практикалык сабактарга катышат. Мындан тышкары илимий макалалардын заманбап тенденцияларын талкуулашат. Журналдарды тандоо критерийлери менен таанышуу, тажрыйбалуу адистерден колдоо жана насаатчылык алуу боюнча да билим алса болот. Окутуу аяктагандан кийин катышуучуларга чет өлкөлүк эксперттер менен онлайн ментордук программа сунушталат. Менторлор аларга Scopus журналдарына макала даярдап, аны жарыялоо процессинде жардам беришет. 

Ал эми тренингге каттоо 1-октябрдан 15-октябрга чейин жүрөт. Ага 30-60 жашка чейинкилер, англис тилин мыкты билгендер жана илимий изилдөөлөр үчүн материалдары барлар катышса болот. Ал үчүн ушул шилтемеге киресиз. 

Аталган окутуу АКШнын мамлекеттик департаментинин алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулган. Ал эми долбоорду аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги каржылап, Америкалык кеңештер ишке ашырып жатат. Окутуу учурунда келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун гана оюн билдирет. Элчиликтин же болбосо кеңештин көз карашына дал келбеши мүмкүн.