ОшМУда Памир-Алай геодинамикалык полигону изилденет

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Памир-Алай геодинамикалык полигону изилденет

Image

Өлкөнүн түштүгүндөгү сейсмотектоникалык жактан эң активдүү аймак болгон Памир-Алай полигону изилденет. Ал үчүн Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулары атайын долбоор иштеп чыкты. 

Долбоор “Памир-Алай геодинамикалык полигондун түзүлүшү: Борбор Азиядагы тектоникалык процесстер жана геологиялык коркунучтарды жоюу” деп аталат. Документ эл аралык мааниге ээ болгондуктан учурда университетте сырттан окумуштууларды тартуу иштери башталган. Мындан улам бүгүн, 1-октябрда Орусиянын илимдер академиясынын жер титирөөнү болжолдоо теориясы жана математикалык геофизика институтунун башкы илимий кызматкери, физика-математика илимдеринин доктору Михаил Родкин ОшМУда лекция окуду. 

Лекция Памир-Алай геодинамикалык полигону – максаттар, милдеттер, мүмкүнчүлүктөр аталышында болуп, ага физика, математика багытында билим алган студенттер катышты. Анда келечекте полигондо аткарыла турган маанилүү иштер жана табигый кырсыктарды, анын ичинен жер титирөө коркунучуна каршы аракеттенүү иш-чаралары айтылды.

Михаил Родкин 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинен беш монографиянын ээси. Ал эми Scopus эл аралык маалыматтар базасындагы индекс хиршасы 14 жана 747 документи бар.

Памир-Алай геодинамикалык полигону жер титирөө, таш көчкү, сел жана тоо көлдөрүнүн жарылуусу сыяктуу табигый кырсыктарды изилдөөгө ыңгайлуу аймак. 

 

Фото галерея