ОшМУ: окутуучулар менен студенттер "Боорукердик" үйүнөн кабар алышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ: окутуучулар менен студенттер "Боорукердик" үйүнөн кабар алышты

Image

Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун информациялык системалар жана программалоо кафедрасы Ош шаарындагы "Боорукердик" үйүнө эмеректерди жасатышты. Эмгек жамааты аны 30-октябрда жеткирип, бөлмөлөргө жайгаштырып беришти. 

Бул демилгени кафедранын окутуучулары Сонайым Тажикбаева, Кылымкан Толобаева, Айгул Айтбай кызы, Венера Маматова жана Буажар Кочконбаева студенттер менен бирге уюштурган. Иш-чаранын алкагында студенттер карыларга майрамдык концерт да тартуулашты.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай  саамалык студенттерди боорукердикке жана кайрымдуулукка үндөө максатында демилгеленди.

 

Фото галерея