ОшМУнун "Билим" лицейинин математика предметинин мугалими Назгул Каныбекова "Жылдын мыкты мугалим-2024" сынагынын баш байгесин жеңип алды. Ал Бишкек шаарынан баш байгеге коюлган 1 бөлмөлүү батир менен сыйланат.
Ушул эле сынакта ОшМУнун табият таануу жана география факультетин 2018-жылы, магистратураны 2020-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган бүтүрүүчүсү Марат уулу Нуристан «Мыкты география мугалими» номинациясын жеңип алды. Ал мугалимдик эмгек жолун 2019-жылы ОшМУнун «Кара-Суу» гимназиясынан баштаган, учурда Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк Достугу» атындагы мектеп лицейинде география мугалими болуп эмгектенет.
Ал эми 2021-жылы ОшМУнун тарых факультетин, 2023-жылы магистратураны артыкчылык диплому менен аяктаган Заидов Азирет “Мыкты тарых мугалими” номинациясын жеңип алды. Ал 2021-2024-жылдары Куршаб аймагындагы №14 Абдулла Тангатаров атындагы интернат-гимназиясында тарых мугалими болуп эмгектенген, быйылкы жаңы окуу жылынан тарта Чолпон-Ата шаарындагы Президенттик “Акылман” лицейинде эмгектенип жатат.