Түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинде ОшМУнун окумуштуусу баяндама жасады

Башкы Жаңылыктар

Түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинде ОшМУнун окумуштуусу баяндама жасады

Image

Казакстандын Астана шаарында түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинин "Кожо Ахмет Ясеви жана анын руханий мурасы" деген аталыштагы эл аралык илимий-теориялык конференциясы болуп өттү. 

Иш-чара 2-октябрда башталып, 4-октябрь күнү жыйынтыкталды. Ага Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Кавказ мусулмандарынын муфтийлери, дин аалымдары жана коомдук ишмерлер чакырылган. Кыргызстандын атынан ОшМУнун теология факультетинин доценти Ниязали Арипов катышты. Ал конференцияда "Кожо Ахмат Ясави жана анын сопулук жолу" деген темада баяндама жасаган.

“Негизинен түрк дүйнөсүндөгү ислам дининин орду жана ролу кызуу талкууланып, “Ислам дини элдик каада-салтты колдойт” аттуу документке кол коюлду. Менимче, бул конференция ислам дининин келечегине пайдалуу иш чаралардын бири болуп калды”, - дейт Арипов.

Конференциянын соңунда түрк элдеринин орток жазма мурастарын изилдөөнүн “жол картасын” иштеп чыгуу зарылдыгы боюнча кайрылуу кабыл алынды. Ошондой эле санариптик китепкананы түзүү сунушу берилди. Катышуучулар бул азыркы муун үчүн зарыл кадам экенин белгилеген.

“Суфизм мектебинин Казакстандагы жана Орто Азиядагы көрүнүктүү өкүлү, аалым Кожа Ахмет Ясавинин түрк элдеринин руханий тарыхында өзгөчө орду бар экенин эске алып, Казакстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын демилгелерин колдойбуз. Ихсан доктринасын жайылтып, аны бардык дин кызматкерлери активдүү карманууга чакырабыз”, -деп айтылат кайрылууда.



 

Фото галерея