Жыл сайын мобилдүүлүк программасы менен Памуккале университетине барган ОшМУнун студенттеринин саны өсүүдө. Былтыркы жылы 30га жакын студенттер алмашуу программасынын алкагында билим алып келген.
Быйылкы 2024-2025-окуу жылында алгачкы жолу медицина факультетинин 3 жана теология факультетинин 26 студенти билим алууга барды.
Алар Медицина факультетинин деканы, профессор Осман Исмаил Оздел жана декандын орун басары, доцент Мехмет Жуженс менен жолугушту. Мында студенттер ректор К.Кожобековдун атынан ыраазычылыктарын билдирип, белектерин тапшырышты.
Памуккале университети менен академиялык мобилдүүлүк программасын башынан бери ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн инспектору А.Д.Кулназарова координациялап келет.