Мунарбек Сейитбек уулу студенттер менен жолукту

Башкы Жаңылыктар

Мунарбек Сейитбек уулу студенттер менен жолукту

Image

Парижде өткөн Олимпиадада күмүш медаль алган Мунарбек Сейитбек уулу кийинки мелдешке чоң даярдык менен барат. Бул тууралуу мушкер ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун студенттери менен жолукканда айтты.

Жолугушууда студенттер ага спорттогу ийгиликтери, алдыдагы пландары, жеке жашоосу боюнча суроолорду беришти. Сейитбек уулу ОшМУнун анын жашоосунда орду чоң экенин белгиледи. Ошондой эле ийгиликке жаратышына салым кошкон ата-энесине, окуткан мугалимдерине, машыктыруучуларына жана күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

Мунарбек Сейитбек уулу сегиз жашынан бокс менен машыгат. Ал ОшМУнун дене тарбия факультетин аяктап, ушул эле окуу жайда магистратураны да бүтүргөн. 2017-жылдан бери Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү. Спорттун бул түрү боюнча эл аралык даражадагы чебер. Бир катар мелдештердин жеңүүчүсү.

 

Фото галерея