Бүгүн, 11-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Европалык комиссиянын жана Европалык аткаруучу агенттиктин жетекчилигинде Erasmus+ программасынын институционалдык мониторинги өткөрүлүүдө.
Мониторингге Европалык комиссия жана Европалык аткаруучу агенттиктин билим берүү жана маданият боюнча долбоорунун жетекчиси Мария-Соль Домингес Паррадо, Erasmus+ улуттук офисинин координатору Гульнара Исаева, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган тишелүү жетекчилер, Erasmus+ программаларынын алкагындагы ОшМУда ишке ашып жаткан эл аралык долбоорлордун координаторлору, окутуучулар катышууда.
Алгач окуу жайда Erasmus+ программаларынын алкагындагы ишке ашып жаткан эл аралык долбоорлордун катышуусунун жалпы таасирин баалоо, долбоорлордун туруктуулугун камсыз кылган негизги факторлорду аныктоо, долбоорлорду туруктуулугун жакшыртуу боюнча жыйын өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин Erasmus+ долбоорлору, анын ичинде ОшМУда ишке ашып жаткан TUTORIAL, DERECKA, HARMONEE, BERNICA, DEFA, EPCA, PAWER, Green KG жана KyrMEDU долбоорлору боюнча презентациялар өткөрүлдү.
Жыйындан соң «Green KG» долбоорунун алкагында Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда «Санариптик инновациялар борборунун» ачылыш аземи болду.
Күндүн экинчи бөлүгүндө коноктор Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда «Green KG» долбоорунун алкагында түзүлгөн «Эко-инновациялар борбору» менен таанышышат. Андан соң Ак-Буура кампусунда медициналык клиникада болуп, BERNICA долбоорунун алкагында түзүлгөн «Тамак-аш лабораториясынын» ачылыш аземине катышышат.
Бул эл аралык долбоорлор университетте заманбап технологияларды жана билим берүүдө инновацияларды колдоого багытталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуулар, ошондой эле университеттин кампустарына экскурсиялар уюштурулат.