Футзал: ОшМУ турнирдик тизмеде сап башында баратат

Башкы Жаңылыктар

Футзал: ОшМУ турнирдик тизмеде сап башында баратат

Image

Футзал боюнча Кыргызстандын кесипкөй клубдарынын “Суперлига” мелдешинде ОшМУнун командасы турнирдик таблицада тогуз упай топтоп, биринчи орунда жайгашты.

Экинчи катарды “Топ тоголок”, үчтү“Алай” командалары ээлеп турат. Турнирдик таблицанын акыркы үчтүгүнө 0 упай менен “Кант”, “Нарын” жана “Каракол” командалары илинген.

12-октябрда ОшМУнун футзал командасы “Топ тоголок” менен беттешип 7:3 эсебинде жеңди. Анын эртеси “Караколду” 9:1 эсебинде утуп алды. Командалар менен болгон мелдеште окуу жайдын эки оюнчусу - Жерлан Барбоса Дос Сантос менен Айдар Абдижалил уулу "Мыкты оюнчу" деп табылышты. 

ОшМУ футзал командасы “Суперлиганын” мелдештеринде жалпы үч оюн өткөрүп, барында жеңишке жетти.  

“Суперлиганын” 2024-2025-жылдагы сезонунда жалпысынан 11 команда ат салышууда.

 

Фото галерея