ОшМУ менен Наманган институту достукту бекемдеген иш-чара өткөрүүдө

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Наманган институту достукту бекемдеген иш-чара өткөрүүдө

Image

Бүгүн, 15-октябрда Наманган мамлекеттик педагогикалык институтунун өкүлдөрү Ош мамлекеттик университетине келишти. Тараптар билим берүү жана маданият багытында өнөктөштүктү бекемдөө үчүн биргелешкен иш-чара өткөрүшөт.

Коноктор университеттин окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров баштаган жетекчилик менен жолугуп,  билим берүүдөгү кызматташуулар боюнча пикир алышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мындай иш-чаралар достук, илимий жана маданий байланыштарды кеңейтүүдө өзгөчө салым кошорун белгилешти.

Учурда ОшМУнун салтанаттуу жыйындар залында Наманган мамлекеттик педагогикалык институтунун окутуучулары жана студенттери "Достук" деген аталыштагы концерттик программа тартуулашууда. Күндүн экинчи бөлүгүндө  профессорлор искусство жаатында мастер-класстарды өтүшөт.

16-октябрда ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунда коноктор үчүн студенттердин эмгектери, сүрөттөрү жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өтөт. Профессорлор түрдүү мастер-класстарды уюштурушат. Ошондой эле Педагогика, искусство жана журналистика институтунун студенттери конокторго концерт тартуулашат.

Бул иш-чаралар эки окуу жайдын ортосундагы тажрыйба алмашуу, билим берүү жана маданият жаатындагы кызматташууну бекемдөө максатында уюштурулуп жатат. 

 

Фото галерея