ОшМУда камкордук жумалыгы башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда камкордук жумалыгы башталды

Image

Индустриалдык-педагогикалык коллежде "Социалдык иштер: Камкордукка толгон жумалык" аталышындагы жумалык башталды. Аны социалдык иштер жана аскерге чейинки даярдык циклынын окутуучулары 19-октябрь — Социалдык кызматкерлер күнүнө карата демилгелеген. 

Жумалыктын алгачкы күнүндө "Социалдык иштерге биринчи кадам"  жана "Социалдык кызматкер бүгүн жана эртең" деген аталыштагы иш чаралар болду. Анда студенттер кесиби боюнча маалыматтар менен бөлүштү. Мындан сырткары коомдогу актуалдуу социалдык көйгөйлөр талкууланды.

Алдыда студенттер үчүн "Кыска метраж, чоң ойлор" аттуу иш чара уюштурулат. Мында кесип ээлерине социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт. Жумалыктын төртүнчү күнүндө болсо, конок-лекциялар орун алат.

Жумалыкты жыйынтыктоочу иш-чара катары "Жакшы ниет менен даярдалган тамак" аталышындагы кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Анда студенттер тамактарды өз колдору менен даярдап, сатыкка коюшат.  Андан түшкөн каражатка муктаждар үчүн керектүү буюмдар сатып алынып, аларга жеткирилет.

 

Фото галерея